Кыргызстанда 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт кырсыгы төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 2.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.