Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 22-ноябрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек–Ош жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Чар, Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ал эми Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында да жол ачык. Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан