Нурдан Орунтаев "Азия Моллдогу" унаа токтотуучу жайды калыбына келтирүү тапшырмасын берди 

Бишкектеги "Азия Молл" соода борборундагы унаа токтотуучу жайдын ордуна курулуп жаткан соода түйүндөрү мыйзамсыз экенин Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

Ал жергиликтүү басылмаларга маалымат берип, аталган жайды калыбына келтирүү үчүн тапшырма берилгендигин айтты.

"Учурда Мамлекеттик курулуш комитети тарабынан 5 күндүн ичинде аталган аймакты кайра калыбына келтирүү, башкача айтканда, унаа токтотуучу жайга кайтаруу боюнча тапшырма берилди. Мындай өзгөртүү мыйзамсыз", - деп билдирген Орунтаев.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "Азия Молл" соода борборунун жер төлөсүндө унаа токтотуучу жайдын ордуна соода түйүндөрү курулуп жатканы айтылган.

"Азия Молл" соода борбору
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан