Каракчылыкка шектелип кармалган УКТ мүчөсү кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты

Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 40 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 3-ноябрь күнү саат 16:30 чамасында Бөкөнбаев көчөсүнөн 2 адам тапанча менен коркутуп, денесине залал келтирип, 14 миң сомун жана 21 миң сомдук Редми үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, кылмыш чөйрөсүндө Кундузбек деген каймана ат менен таанылган 41 жаштагы жаран кармалган. Ал мурда дагы бир нече жолу соттолгон. Ошондой эле анын шериги 29 жаштагы жаран кармалган.

Кармалгандарды Ленин райондук соту Бишкек шаарынын №1 тергөө абагынга 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Милиция 29 жаштагы шектүүнүн жашаган жерин тинтүүдө пневматикалык тапанча табылганын, ал эми 41 жаштагы шектүү кылмыш дүйнөсүнөн баш тартып, мыйзамга баш ийип жашай турганын билдиргенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан