Эмгек министрлиги 200 миң сомго чейин маяна алган жумуштарды атады

Бишкекте мектеп окуучуларына айына 200 миң сомго чейин айлык алган кесиптер көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Жылдыз Полотованын катышуусунда 9-класстын окуучуларына кесипке багыт берүүчү экскурсия уюштурулган. Анда окуучулар тигүү өндүрүшү менен таанышып, андагы эмгек шарттары, жеңил өнөр жай тармагындагы кесиптер жана жумушка орношуунун жол-жобосу тууралуу маалымат алышкан.

Ишкананын орун басары Бектур Кубанычбеков мындай экскурсиялар ар кандай жумуш орундарындагы адистерге коюлган талаптар менен таанышууга мүмкүндүк берерин белгилеген.

"Баары юрист, экономист болом деп жатышат, алардын айлыгы 40 миң сом. Бизде дизайнерлер, конструкторлор бар. Алардын эң аз айлыгы 90 миң сомдон 200 миң сомго чейин. Сатуу боюнча менеджер бар. Мисалы, 10 миллион сомго чейин буйрутма түшсө, ал 1 пайызын алат. Башкача айтканда, анын айлыгы 100 миң сомду түзөт. Анткени кадр маселеси биз үчүн өтө маанилүү. Биз Беларустан дизайнер алууга аргасыз болдук. Кыргызстандан адистерди жалдасак жакшы болмок", - деген ал.

Ал эми министр Полотова акыркы жылдары жеңил өнөр жай тармагында жакшы өнүгүү бар экенин белгилеп, окуучуларга бир гана жогорку окуу жайды эмес, кесиптик лицейлерди жана колледждерди аяктагандар деле жакшы жумуш таба аларын айтып өткөн.

"Иштөө менен сиз көндүмдөрдү өнүктүрөсүз, жөндөмдүү адис болосуз. Биздин келечегибиз силер. Чыныгы ишканада ар кандай кесиптердин жана жумуш процесстеринин өзгөчөлүктөрү менен таанышууңуздарды каалайбыз. Кесип тандоону туура аныктоо маанилүү", - деген эмгек министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан