Орусияда мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн бирдиктүү портал ачылат. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Орусияда "тобокелдик зонасында" турган кыргызстандыктар тууралуу маалымат migrant.kg порталына жайгаштырылат. Бул багытты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги колго алган.
“Жарандар бул тизмеден өздөрүн өз алдынча текшерип, Орусиянын аймагында укуктук абалын жөнгө салуу үчүн алдын ала зарыл чараларды көрө алышат”, - деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, ТИМ 2025-жылдын 5-февралынан тартып Орусиянын чет элдик жарандарга байланыштуу мыйзамы күчүнө кире тургандыгын айткан. Анда миграция мыйзамын одоно бузгандарга катуу чаралар колдонула турганы белгилүү болгон.