Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Шабдан баатыр проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүкчөсүндө авария болуп, анын кесепетинен улам суу агып кеткен.
Учурда аталган аймакта оңдоо иштери жүрүүдө.
"Аварияны жоюу үчүн ККСК суу алгычы убактылуу өчүрүлөт, бул анын камтуу аймагындагы суу менен камсыздоого таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп маалымат берди мэрия.