Бишкек шаарындагы "Ынтымак Ордого" экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-ноябрда Президенттин администрациясы таратты.
Маалыматка ылайык, аталган жайга кирүү үчүн алгач электрондук түрдө паспорт менен катталып, белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.
Ошону менен катар имарат менен таанышууга келген жарандардын кийген кийимдери коомдук жайларда жүрүүнүн жалпы ченемдерине жооп берүүсү зарыл. Жана экскурсия учурунда коомдук тартипти сактоого тийиш.
"Ынтымак Ордого" бир жолу кирип таанышып чыккан жаранга экинчи жолу уруксат берилбейт. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуган учурларда, мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурларда экскурсия уюштуруу убактылуу токтотулат.
Экскурсия учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
Белгилей кетсек, эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет.