Бишкектеги мамлекеттик менчикке өткөн "Орто-Сай" базарынын аймагында ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында калаанын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, бир түндө базардын ичиндеги жолго асфальт төшөлүп, ирригация жана канализация иштери калыбына келтирилди.
"Базардагы ирригация, канализация багыты кандай абалда экендигин уланган түтүктөрдөн эле билсе болот. Эптеп жука, пластик түтүктөрдү коюшуп күн көрүп келишкен. Учурда мэрдин тапшырмасы менен бир түндө асфальт иштери бүтүп, коммуналдык тармак калыбына келди.
Эми мындан ары чубалгыларды иретке келтиребиз. Жана да көрнөк-жарнактар алынып, архитектура башкармалыгы тарабынан соода түйүндөрдүн сырткы көрүнүшү бир типтүү болот", - деп билдирди вице-мэр.
Мындан тышкары Жамалбек Ырсалиев соодагерлерден базарды калыбына келтирүү үчүн акча чогултулуп жатат деген кеп чындыкка дал келбей тургандыгын кошумчалады.
"Ар бир аткарылып жаткан иш калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин жеке көзөмөлүндө. Убагында базар 5-6 жарандын чөнтөгү үчүн иштесе, учурда мамлекеттин казынасына иштеп жатат.
Иретке келтирүүдө соодагерлерден бир сом акча чогултулган жок. Мамлекеттин азыр каражаты бар, өз демилгеси менен калыбына келтирет. Ошондой эле ижара акы көтөрүлөт деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп кошумчалаган Ырсалиев.
Белгилей кетсек, УКМК 29-октябрда Бишкектеги "Оберон Дордой" жана "Оберон Орто-Сай" базарлары мамлекетке өткөнүн билдирген. Муну менен наркы 3 миллиард 889 миллион 563 сом, жалпы аянты 8,1 гектар жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтканы айтылган.