Эртең, 23-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+8 градус болот.