Бүгүн, 22-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.
Дин комиссиясынан билдиргендей, жолугушууда тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашып, дин чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Жыйынтыгында Юсупов менен Аль-Марри дин чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашты.