Балага сүйүнчү жөлөк пулун санариптик сом менен төлөө пландалууда

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча балага сүйүнчү жөлөк пулун санариптик сом менен төлөп берүү пландалып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.

20-ноябрда Улуттук банк мамлекеттик-социалдык төлөмдөр боюнча санарип сом платформасынын прототибин апробациядан өткөрүүнүн II фазасын талкуулоо боюнча кызыкдар болгон министрликтер жана ведомстволор менен жолугушуу өткөрдү.

"Жолугушуу учурунда Улуттук банк "Балага сүйүнчү" долбоорун санарип сом платформасында ишке ашыруу архитектурасынын долбоорун сунуштады жана долбоорду техникалык адистер менен бирге андан ары ишке ашырууну улантуу тууралуу макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан