Финансы министрлигинин кызматкерлери биринчилерден болуп ОСАГО боюнча өз унааларын массалык түрдө камсыздандырышат. Бул туурасында мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул чечим уюмдун жетекчилиги финансы министри Алмаз Бакетаев менен болгон жолугушууда чечилген. Иш-чарада мындан тышкары компаниянын негизги жетишкендиктери, учурдагы долбоорлору жана стратегиялык максаттары боюнча маалымат берилген.
"Жолугушууда финансылык туруктуулукту жогорулатуу жана камсыздандыруу тармагына жаңы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Негизи көңүл санариптик тейлөөнү өнүктүрүүгө бурулду, алар жарандар үчүн камсыздандырууну бир кыйла жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылат маалыматта.