Канттагы "Кант курулуш" заводунда ири өрт чыкты (фото)

Бүгүн, 23-ноябрь күнү таңга маал Кант шаарындагы "Кант курулуш" заводунун аймагында жайгашкан имарат өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:49да 1, кошумча саат 05:36да Кант авиабазадан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган. Жерине ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгынын башчысы жана Ысык-Ата райондук бөлүм башчылары барышкан.

Өрт саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метрге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан