Бишкектин Жал кичи районундагы гараждарды бузуу учурунда мэриянын өкүлдөрү менен жаңжалдашкан эки адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 22-ноябрда Псковская көчөсү 71 дарегинде жайгашкан гараждардын ээлери менен курулуштарды бузууга келген муниципалдык кызматкерлер ортосунда жаңжал чыккан. Алардын бири мэриянын кызматкерлерине суу чачса, дагы бири "Тазалыктын" атайын техникасынын маңдайкы айнегин сындырган.
Кырдаалды Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Байгазиев жөнгө салган. Ал гараж ээлерин мыйзам чегинде иш алып барууга жана техниканы өткөрүүгө көндүргөн. Демонтаждоо иштери башталды.
Ленин РИИБи эки гараждын ээси тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди. 46 жаштагы С.С. аттуу жаранга кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары, 20 жаштагы К.Б. аттуу жаранга майда бейбаштык үчүн административдик айып салынган.