Бишкектин "Аламүдүн" базарына жакын жердеги тигүүчү цех өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Тигүү цехиндеги өрттү 04:30дар чамасында башталган. Ошондон бери жерине 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, алар жалынды саат 11:23тө толук өчүрүшкөн.
Өрттүн аянты 500 чарчы метрге жеткен. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Министрлик бул өрт кырсыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.