Токтогулда 24 жаштагы келиндин үстүнөн 14 адам арыз жазды

Токтогул районунда башка жарандарга насыя алдырып, аны төлөбөстөн качып кеткенге шектелген 24 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
20-ноябрь күнү Токтогул РИИБне Токтогул районун 14 тургуну арыз менен кайрылган. Анда алар 2024-жылдын 15-август күнү Токтогул шаарынын убактылуу жашоочусу А.Т. аттуу келин алардын ишеничине кирип, аларды ар кайсыл банктардан насыя алдыртып, алдап кеткендигин билдиришкен.
Натыйжада 14 жаран жалпы сумма 2 миллион 169 миң сом чыгым тартышкан.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы келин Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми 22-ноябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан