Караколдо унааларын чимирилткен айдоочуларга 15 миң сом айып салынды (видео)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында авто ээнбаштык жасаган айдоочуларга 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ичуки иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, Каракол шаарында Toyota Yaris жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары авто унаасын чимирилте айдап авто ээнбаштык жасаган видео тараган.

Бул видеодон кийин милиция жогорудагы унаалардын айдоочуларын аныктап, аларга 15 миң сомдон айып пул салып, унааларын айып короо жайына киргизген.

Караколдо унааларын чимирилткен айдоочуларга 15 миң сом айып салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан