Анталия шаарындагы аэропортто 24-ноябрь күнү кечинде орус авиакомпаниясына таандык учак кырсыккка учурады. Бул туурасында Mash Телеграм каналы жазып чыкты.
Маалымдалгандай, катуу шамалдан улам Sukhoi Superjet 100 (SSJ-100) учагынын дөңгөлөктөрү учуп-конуу тилкесин сүзө конгон. Анын натыйжасында кыймылдаткычтардын биринен өрт чыгып, жалын күчөп кеткен.
“Учактын ичинде жалпы 89 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон. Алар өз учурунда куткарылды”, - деп айтылат маалыматта.