Ноокатта пара алууга шектүү бир нече кызматкер кармалды
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери пара алууга шектелип жатат. Маалыматты Ички иштер министрлиги бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Анда айтылгандай, 20-ноябрда Ноокат РИИБинин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.
Бул факты боюнча алдын ала текшерүүнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 21-22-ноябрь күндөрү Ноокат РИИБинин беш участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т., ошондой эле Ноокат РИИБинин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н кармалды.
Алардын баарына тең пара алууга шериктеш болгон деген айып тагылып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттун чечимине ылайык, шектүүлөр камалды.