Бүгүн, 25-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 852 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 233 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 475 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, бир жума мурун 18-ноябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 12 миллион куб метрди түзгөн.