Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган эң кир шаарлардын ондугуна кирди. Бул тууралуу маалыматты шаарлардын аба тазалыгын изилдеген "World Air Quality" агенттиги жазды.
Андагы маалыматка ылайык, кечээ, 24-ноябрь саат 21:00гө карата шаардын абасы жашоого коопту деп табылып, 9-орунга жайгашкан. Ал эми биринчи орунга Пакистандын Лахор шаары чыккан.
Аталган агенттик мындай кырдаалда сырттагы иш-чаралардын көлөмүн азайтууну, үйдө аба тазалагыч колдонууну жана үйдөгү бардык терезелерди жабуу керектигин, ошондой эле сыртта беткап кийүү сунушталарын эскерткен.