Эртең, 26-ноябрда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +11 ... +16,
Таласта түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +7 ... +9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +7 ... +9,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +8 ... +10,
Нарын облусунда түнкүсүн -7 ... -9, күндүз 1 ... 3,
Бишкек шаарында түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +8 ... +10 градус болот.