Өлкөдө бир жума ичинде 221 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1108;
- Мас абалында унаа башкаруу – 221;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581;
- Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 44;
- Автоээнбаштык – 9;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3302;
- Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу – 9;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 40;
Мындан сырткары ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1584 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.