Уругвайдын жаңы президенти болуп тарых мугалими шайланды. Бул туурасында Bloomberg басылмасы билдирди.
Маалымдалгандай, солчул партиядан өз талапкерлигин койгон Яманду Орси шайлоочулардын 49,8 пайыз добушуна ээ болгон. Ал коомчулукка мамлекетти экономикалык жактан күчтөндүрө турганын убадалаган.
Белгиленгендей, Орси тарых мугалими жана 2015-жылдан баштап президенттик шайлоого чейин Канелонес шаарынын башчысы болуп турган.
Анын инаугурациясы 2025-жылдын 1-мартында орун ала тургандыгы маалыматта кошумчаланган.