
Кыргызстанда жаңы "Электрондук эмгек китепчеси" модулу ишке киргизилүүдө. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул долбоор эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүп, кызматкерлердин иш стажы боюнча маалыматтарды санарип форматка өткөрөт.
"Эмгек китепчелеринин зарылчылыгы жок — бардык маалымат электрондук түрдө сакталат. Эмгек стажы боюнча маалыматка жетүү оңой жана документтерди жоготуу же жасалмалоо тобокелчилиги жоюлат.
Тутум кызматкерлер жана жумуш берүүчүлөр үчүн эсепке алууну ыңгайлуу жана ачыктыгын камсыз кылат. Пилоттук сыноо 2024-жылдын 1-декабрына чейин башталып, ийгиликтүү апробациядан кийин модул өлкө боюнча киргизилет", - деп айтылат маалыматта.