Орусияда оор жүк ташуучу унаа менен жүргүнчү ташуучу автобус сүзүштү (видео) 

Новосельеде автобус менен жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыктан 10дон ашык адам жабыркады. Маалыматты орус басылмалары ИИМдин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча басма сөз кызматына таянып билдиришүүдө.

Новоселье айылында 25-ноябрда саат 07:24тө Красносельское шоссесинде автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 181-автобусту Борбор Азия мамлекеттеринин биринин жараны башкарган. Анда автобустун айдоочусу жол жээгинде токтоп турган жүк ташуучу унааны арт жактан сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап, анын ичинен 5 жашы жете элек өспүрүм бар, ал эми жабырлануучулардын биринин абалы оор деп айтылууда.

Орусияда оор жүк ташуучу унаа менен жүргүнчү ташуучу автобус сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан