Кара-Балта шаарынын аймагында объектилерди иретке келтирүү иштерди уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күнү дагы 6 объект мыйзамсыз болуп табылып, курулуштар бузулуп алынды.
Жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан Кара-Балта шаарында мыйзамсыз жайгаштырылган 105 объект демонтаж болуп алынды.
Бул багытта иштер улантылууда.