Орунбеков кармалган 3 судья боюнча билдирүү жасады

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу Жалал-Абад облустук сотунун 3 судьясынын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал 3 судья маңзат ташууга айтыпталып соттолгон жаранды үй камагына чыгарууда ири көлөмдөгү пара алышы толук мүмкүн экенин белгиледи.

"Кыргызстандык бир жаран маңзатын, тагыраагы, героинди ташып баратканда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. 3 судья камакка алынган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Кылмышка шектүү үй камагына чыгары менен чет өлкөгө качып кеткен. Судьялардын жогоруда белгиленген чечимди кабыл алуусунда ири суммадагы акча каражаты, тагыраагы, пара роль ойногон деп айтууга толук негиз бар. Окуянын толук чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталмакчы", - деп жазды ал.

Буга чейин УКМК Жалал-Абад облустук сотунун судьялары мыйзамсыз чечим чыгарган деген негизде кармалганын билдирген. Маалыматта алар баңгизат менен кармалган жаранды үй камагына чыгарганы аныкталган. Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан иш козголуп, Жогорку соттун судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан