АКШ Украинага Орусияга ATACMS менен сокку урууга уруксат бергенин моюндады

АКШ Украинага Орусиянын аймагына чабуул жасоо үчүн алыс аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат бергенин биринчи жолу расмий моюнуна алды. Бул тууралуу Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Учурда алар шашылыш муктаждык болгон маалда ATACMSти өзүн-өзү коргоо үчүн колдоно алышат. Ал эми азыр бул Курскта жана анын айланасында болуп жатканы анык", - деген Кирби.

Буга чейин The New York Times гезити АКШ президенти Жо Байден Украинанын Орусияга, атап айтканда, Курск чөлкөмүнө сокку уруу үчүн ATACMS колдонуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салганын жазган. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррель Киев 300 чакырымга чейинки аралыкта сокку урууга уруксат алганын тактады.

19-ноябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск облусунда беш ATACMS ракетасын кармаганын, дагы бирөө зыянга учураганын жарыялаган. 21-ноябрда украин аскерлери Курск аймагына британиялык Storm Shadow ракеталары менен чабуул коюшкан.

Буга жооп иретинде Орусия Днепрдеги өнөр жай комплексине орто аралыкка учуучу жаңы ядролук эмес “Орешник” баллистикалык ракетасын учурган.

ATACMS — HIMARS же M270 MLRS учургучтарынан учурулган максималдуу аралыгы 300 чакырымга жеткен жер багытындагы ракеталар. Ар бир ракета болжол менен 1,5 миллион доллар турат. The Times гезитинин жазганына караганда, азыр Украинада ушундай 50 ракета бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан