Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинде жол кырсыгы катталып, эки айдоочу ооруканага жеткирилди. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматы бүгүн, 26-ноябрда кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кырсык бүгүн, 26-ноябрда саат 6:00 чамасында болгон. Анда "Ынтымак Ордого" жакын жерде Toyota Corolla Runx менен Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Натыйжада эки автоунаанын 39 жаштагы айдоочулары ар түрдүү жаракаттары менен Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген.