Бишкек шаарында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 30-октябрда болжол менен саат 22:00 чамасында 36 жаштагы жаран "Тез жардам" кызматы менен ооруканага келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Окуя Фучик көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде болуп, анда ал белгисиз жаран тарабынан сабалып, баш сөөгүнөн жаракат алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.