
Өлкө тарыхында биринчи жолу ченемдик укуктук акт толугу менен электрондук форматта, кагаз колдонулбай, электрондук документ жүгүртүү тутуму (ЭДТ) аркылуу кол коюлду. Бул туурасында бүгүн, 26-ноябрда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи толук санариптик ченемдик укуктук актыга кол койду.
"Кагаз түрүндөгү документ жүгүртүү кыскарат. Бул демилге мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн маанилүү этабын аяктап, мамлекеттик органдардын ишин натыйжалуу жана ылдам жүргүзүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.