Ош шаарында алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн үйүнүн жанында орун алган документи жок жер тилкесине К. аттуу адам "мамлекеттик акт жасап берем" деп 300 миң сом алып, ошол бойдон дайынсыз болуп кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Шектүү делген К.П. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кармалган жаран бир канча кылмыштарга тиешеси бар экендиги маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.