
Кыргызстандын пенчак силат боюнча курама командасынын мүчөлөрү Абу-Дабиде өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш 16-23-декабрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 65 килограмм Биназара Мустафокулова;
- 70 килограмм Мухаммедшах Мустафакулова;
- 75 килограмм Эржан Бексултанов;
- 80 килограмм Алмазбек Замиров.
Курама команда башкы машыктыруучу Алмаз Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.