Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Падек айылында жайгашкан Токтосун Жоробаев атындагы орто мектептин имараты сапатсыз курулгандыгы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мектеп курулуп бүткөндө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тиешелүү көзөмөл жүргүзбөстөн кабыл алышкан. Мектеп 59 миллион 320 миң сомго салынган.
Текшерүүдө имараттын пайдубалынын ичине кум-шагыл ташталбастан, топурак менен толтурулганы, мындан улам ички бириктирүүчү дубалдары (перегородка), ашканасы, ички ажатканасы жараксыз абалга келгени жана 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрүнүн полдору 20 сантиметрден 40 сантиметрга чейин чөгүп кеткени белгилүү болгон. Мунун кесепетинен дубалдарда жаракалар пайда болуп, мектептин имараты окуучуларды кабыл алууга жараксыз абалга келип, жабылып калган.
Бул факты боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 273-беренеси (Сапаты начар курулуш) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, SUPER.KG порталынынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Падек айылынын тургуну кайрылып, айылдагы мектеп окуучуларды басып калуу коркунучунда экенин айткан. Ошондой эле ал ата-энелер балдарын мектепке жибербей туруу маселесин карап жатышканын билдирип, мектептин абалын чагылдырган видео менен бөлүшкөн болчу.