Бишкекте гендердик зомбулукка каршы акция өтүүдө

Бишкек мэриясы калаада гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк эл аралык акция өтүп жатканын кабарлады. Иш-чара 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталган, ал 10-декабрь адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат.
Быйылкы иш-чара "Пекин декларациясынын жана иш-аракеттер Платформасынын 30 жылдыгы: Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригиңиз" аталышында өтүүдө.
Анын алкагында Бишкектеги окуучулар, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн борборлордун тарбиялануучулары үчүн семинарларды өткөрүү, "Жакшылык миссиясы" эл аралык программасынын алкагында социалдык өнүктүрүү кызматынын кызматкерлерин окутуу пландаштырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан