Париж шаарында өткөн Олимпиадада алтын медалга жетпесек дагы чоң көрсөткүчкө ээ болдук. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда дене табрия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жергиликтүү уктуруулардын бирине берген маегинде билдирди.
Ал өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Жайкы Олимп оюндарынан жалпы 13 медаль утканын, анын алтоосун Парижде алганын белгилеп, "бул чоң жетишкендик" деп атады.
"Тилекке каршы, алтын медалга жетишпей калдык. Бирок 2 күмүш 4 коло жогорку көрсөткүч деп эсептейм", - деди Абдымомунов.
Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасында өлкө намысын 16 спортчу коргоп, алтоо байгелүү орундарга илинген. Тагыраагы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) менен Мунарбек Сейитбек уулу (бокс) күмүш байге утуп алышты. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков (грек-рим күрөшү) жана Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль тагынышкан.