Ош облусуна жалпы наркы 32 миллиондон ашык атайын техникалар сатылып алынды (видео)

Бүгүн, 27-ноябрда Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынган 6 жаңы атайын техника жана 1 спринтер унаасы аймактарга тапшырылды. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, техникаларды тапшыруу аземине облус жетекчиси Элчибек Жантаев ачкычтарды тапшырып жатып, техникалар аймактардын муктаждыгына жараша облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин атайын чечиминин негизинде сатып алынганын белгиледи.

-Кара-Суу шаарынын "Кара-Суу” муниципиалдык ишканасына таштанды ташуучу унаа SHACMAN L300 1 даана, SHACMAN L3000 1 даана техникасы.

-Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн "Кара-Кулжа" муниципалдык ишканасына экскватор трактор hyndai HW-60 1 даана, Мусоровоз Howo ZZ5193ZYS4714Y 1 даана техникасы.

-Өзгөн району "Салам-Алик" муниципиалдык ишканасына суу себүүчү CL W5120GSSYTS 1 даана техникасы.

- "Чоң-Алай" турак жай жана коммуналдык чаба муниципалдык ишканасына автобетономешалка SHACMANVIN LZGJMS40RBJJ5731 1 даана атайын техникасы.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгына өздүк курамды ташуу үчүн (Мерседец-Бенц) 1 даана спринтер автоунаасы сатылып алынды.

Белгиленгендей, аларга Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы 32 миллион 49 миң 900 сом бөлүнгөн.

Ош облусуна жалпы наркы 32 миллиондон ашык атайын техникалар сатылып алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан