Эртең, 28-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... +3, күндүз +16 ... +21,
Таласта түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +13 ... +18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +15 ... +17,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3 ... -5, күндүз +5 ... +7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10 ... -12, күндүз +3 ... +5.
Бишкек шаарында түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +15 ... +17 градус болот.