Токтогул ГЭСине германиялык компаниялар менен бирге 2 калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат. Мындай келишимге кечээ, 26-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Германияга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилгенин министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4 чет элдик "Sonnenergie, a.s.", "AB Progressio GmbH", "LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG" компаниялары менен 2 кыргызстандык компания "СЭС Токтогул" ачык акционердик коому, "СЭС Токтогул КГ" ачык акционердик коомунун катышуусунда күн электр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга кол коюлган.
Долбоор боюнча электр станциясын төрт жылдын ичинде куруп бүтүү пландалууда. Алардын ар бири эки фазадан туруп, кубаттуулугу 612 МВт түзөт.
"Кол коюлган документтин негизги максаты — Кыргыз Республикасынын жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиянын импортуна көз карандуулукту азайтуу, энергетикалык коопсуздукту жана көз карандысыздыкты бекемдөө", - деп айтылат маалыматта.