Казакстан жакында жарыяланган VisaGuide Passport Index 2024 рейтингинде 106-орунду ээледи. Казак паспорту Destination Significance Score (DSS) берген баа боюнча 36,66 упай топтоду. Бул система визасыз башка өлкөгө кирүү, келүүдөгү визалар, электрондук визалар жана глобалдык мобилдүүлүктүн башка аспектилери сыяктуу параметрлерди эске алат.
Ал эми бул рейтингде Өзбекстан 27,62 балл менен 125-орунга, Кыргызстан 23,33 упай менен 134-орунга, Тажикстан 21,76 упай менен 141-орунга, Түркмөнстан 17,55 упай менен 161-орунга чыкты.
VisaGuide Passport Index 199 өлкөнү жана аймактарды камтып, Destination Significance Score (DSS) аркылуу жогорудагы өлкөлөрдүн паспортторунун өзгөчөлүктөрүн текшерет. Бул көрсөткүч төмөнкүлөрдү эске алат:
DSSнин бирдиктүү берген баасы жарандарга берилген паспорттун глобалдык мобилдүүлүгүн тагыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Өзгөчөлөнгөн паспорттор чет өлкөгө саякаттоого, бизнес жана билим алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Казакстан дүйнөлүк рейтингде орточо орунду ээлеп, дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланууга умтулуусун көрсөтүп, Борбордук Азияда ишенимдүү лидер болуп саналат.
Бул жыйынтык өлкөнүн эл аралык байланыштарды чыңдоо жана жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүдөгү ийгиликтерин көрсөтөт.