Бишкек шаарына жаңы кошулган Восток айылы жарыктандырылды

Аймактарды бириктирүү реформасынын алкагында Бишкектин Свердлов районунун курамына кирген Восток айылы жарыктандырылды. Бул туурасында бүгүн, 27-ноябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов, "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин катышуусунда көчө чырактары колдонууга берилди.
"Долбоордун алкагында 450дөн ашык заманбап чырактар орнотулуп, узундугу 11 миң метрден ашык чубалгы тартылды. Бул иштер район тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жасалууда. Буга чейин айылдын көчөлөрүндө электр жарыгы болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан