Португалиянын бийлиги легендарлуу футболчу Эйсебионун өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 3 күн аза күтүлүшү керектигин жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда европалык басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Португалиянын бийлиги бардык мамлекеттик мекемелерде өлкөнүн желеги илинүүгө тийиш экенин жар салды. Андан сырткары түрдүү салтанаттар жана теле менен радиодо көңүл ачуучу программалар 3 күн бою орун албайт.
Эске салсак, легендарлуу футболчу 5-январга караган түнү 72 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон.