
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 28-ноябрда парламент жыйынында боорду трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттыкты сактоо уюмдарына карата айтылган маалыматты тактоо зарыл деп эсептейт. Бул боюнча министрлик билдирүү таратты.
Ага ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-ноябрда Жогорку Кеңеште Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы үч мамлекеттик уюмду атаган:
- Трансплантация жасалып жаткан Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы;
- Улуттук хирургиялык борбор. Ал жерде активдүү даярдык иштери жүрүп жатат. Борборду оңдоого 33 миллион сом, керектүү жабдууларды алууга 170 миллион сом бөлүнгөн. Учурда жеткирүү стадиясында;
- Ош шаардык клиникалык ооруканасында органдарды трансплантациялоо борбору түзүлүп, бөлүм, операциялык бөлмөлөр жана жандандыруу бөлүмү толук даяр. Аталган оорукананын адистери Түркиянын жана Орусиянын клиникаларында билим алышкан. Учурда керектүү жабдууларды алып келүү иштери жүрүп жатат.
"Мындан тышкары, министр төртүнчү клиника – ОшМУнун (ОшМУ) клиникасы бар экендигин белгиледи. Ал дагы органдарды трансплантациялоого даяр. Бирок ал Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган уюм 2021-жылдан бери «ОшМУнун алдындагы Медициналык борбор» КФнын жеке клиникасы катары медициналык ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
"Ал эми мыйзамга ылайык, органдарды алуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жүзөгө ашырылат. Ага ылайык, органды трансплантациялоодо жеке клиникаларга органдарды алууга тыюу салынат", - деп айтылат анда.