Хоккей боюнча 20 жашка чейинки хоккейчилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Финляндия курама командасы чемпион аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Швецияда өткөн мелдештин финалында финляндиялыктар үй ээлерин 3:2 эсебинде утуп алышты.
Эске салсак, жаштардан куралган Финляндия курама командасы өз тарыхында 3-ирет жаштар арасындагы Дүйнө биринчилигин утуп алды.