ММК: Оор кырсыкка учураган Шумахер шалга айланып жана үнсүз калышы мүмкүн

Жаңы жылдын алдында оор кырсыкка учураган белгилүү автожарышчы Михаэль Шумахердин бир жак капталы иштебей жана үнүнөн айрылып калышы мүмкүн экендиги айтылууда. Мындай кабарды чет элдик маалымат булактары “Формула-1дин” мурунку автожарышчысы Филипп Стрейффке шилтеме берүү менен жарыялашты.   

 

“Мен Жерар Сальян менен сүйлөштүм (Шумахерди көзөмөлүнө алган дарыгер). Шумахердин мээси күндө текшерилип жатат. Өткөн дүйшөмбүдө гематома эки тараптуу болчу, учурда сол тарабы калды. Бирок бул көрүнүш өтө көп убакытка кармалып турса дененин карама-каршы бөлүгүн шал абалга алып келиши мүмкүн. Мындай учурда ал үнүн да жоготуу коркунучу бар. Бирок андай болбойт деп үмүт кылам”,- дейт Сальян.  

 

Эскерте кетсек, Шумахер 29-декабрда Франциянын Мерибель шаарында тоо-лыжа базасында лыжа тээп баратып жыгылып, башы менен ташты сүзгөн эле.  Автоспортчу бүгүнкү күнгө чейин комада жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан