Италиянын "Фиорентина" футболдук клубунун оюнчусу Эдоардо Бовенин "Интер" клубуна каршы оюнда жүрөгү токтоп калды.
Окуя оюндун 18-мүнөтүндө болду. Анда италиялык футболчу күтүүсүздөн эле талаада эс-учун жоготуп жыгылган. Ага жардамга командалаштары дароо чуркап барып, аны тегеректеп, камералардан коргоп турду. Айрым футболчулар бул учурда көздөрүнө жаш алышты.
Жыйынтыгында "Тез жардам" кызматы футболчуну ооруканага алып кеткен. Футболчунун оюн учурунда жүрөгү саамга токтоп калганы гана белгилүү болду. Учурда ал реанимация бөлүмүндө, дем алып жатат.
Оюндун өзү башка күнгө жылдырылды.