
Бишкек–Ош унаа жолундагы "Арал" жана "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 2-декабрда кабарлады.
Белгилүү болгондой, 1-декабрда "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга
чектөө киргизилген болчу.
Маалыматка ылайык, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун 82-чакырымындагы "Алим" оор жүк ташыган унааларды токтотуучу жайы да саат 09:00дөн тарта ачылды.