Эртең, 7-январда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейтке машыгуу сборуна аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, машыгуу сбору Кыргызстан курама командасынын 2014-жылкы АФКнын Чакырык кубогуна даярдыгынын алкагында орун алат жана 2 апта созулары күтүлүүдө. Азырынча курама команданын кайсы командага каршы жолдоштук оюн өткөрөрү белгисиз.